Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бомба бар деп шек жараткан баштыктан таштанды чыкты

Кыска кабар | 24 Апр 2019 | 486 | 0

Бишкектин чок ортосунда бомба деп шектелген баштыктын ичи таштанды болуп чыкты. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук менен иштөө бөлүмү кабарлады.

Шаардын Киев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги бомба бар деп шек жараткан баштык иликтөөгө алынган. УКМК менен Ички иштер министрлигинин атайын кызматкерлери ал жерди курчоого алып текшергенде, баштыктан бомба чыккан эмес.

Эскерте кетсек, бүгүн саат 11:05де Бишкек шаардык милициясынын нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болгон. Анда Киев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде шек жараткан баштык турганын айтышкан.

Айтылган дарекке шашылыш түрдө УКМК менен ИИМдин кызматкерлери жөнөтүлүп, ал аймак курчоого алынган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM