Биз менен байланышыңыз

Саркулов: 40 км/с. ылдамдыкка коюлган чекти алып салуу каралууда

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Апр 2019 | 518 | 0

Кечки саат 8ден кийин 40км/с. ылдамдыкка коюлган чекти алып салуу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, көрсөтүлгөн ылдамдыктан саатына 20 чакырымга ашыра айдоо боюнча биринчи категориядагы айып жеке жактар үчүн 1 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 5 миң сомду түзөт.

Ушул эле мыйзам бузуу боюнча саатына 40 чакырымга ашыра айдоодо төртүнчү категориядагы айып жеке жактарга 7 миң 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом деп белгиленген.

Саркулов: Айып пулдарды төмөндөтүүгө каршы эмеспиз

Copyright © 2017 Maral FM