Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Мамлекеттик органдарда бирин-бири кайталаган функциялар жоюлуп, бириктирилди

Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 412 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетине Өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердиги тууралуу отчет берди. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында,  2018-жылы ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, анда аткаруу бийлигинин органдарынын штаттык структурасы каралган.

«Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен мамлекеттик органдарда бирин-бири кайталаган функциялар жоюлуп, бириктирилди. 1,5 миң штаттык бирдик оптималдаштырылды. Ошондой эле, Өкмөткө жүктөлүп калган, ведомстволордун өзү гана аткара турган функциялар өздөрүнө кайтарылып берилди.  Муну менен 85,3 млн. сом үнөмдөлдү«, — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, административдик-аймактык реформаны этап-этабы менен жүргүзүүнүн «жол картасы» бекитилди.

Биринчи этапта стратегиялык документтерге талдоо жүргүзүлөт; экинчи этапта ченемдик-укуктук актылар иштелип чыгат; үчүнчү этапта административдик-территориалдык реформанын модели ишке ашырылмакчы.

Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Өкмөт тарабынан акимдерге ыйгарым укуктарын аткаруу боюнча натыйжалуу шарттарды түзүүгө багытталган мыйзам долбоорлору демилгеленген.

Бул багытта Өкмөт акимдердин натыйжалуу ишине шарттарды түзүү, алардын жоопкерчилигин күчөтүү жана райондук администрация башчыларынын ишмердигин баалоо тутумун киргизүү үчүн парламент менен бирдикте конструктивдүү иш алып барууга даяр.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети жыйындын жыйынтыгынын негизинде Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердиги тууралуу отчетун жактырды.

Эртең, 24-апрелде, премьер-министр жогоруда аталган отчетту Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштайт.

Copyright © 2017 Maral FM