Биз менен байланышыңыз

Жапаровдун соту кийинки жумага жылдырылды

Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 1014 | 0

Экс-депутат Садыр Жапаровдун соту 30-апрелге жылды. Мындай чечимди Жогорку соттун соттук коллегиясы кабыл алды.

Отурумга айыпталуучу Садыр Жапаров өзү катышкан жок.

Процесстин башында эле жактоочу Шарабадин Токтосунов мурдагы ишти да ушул курам карап, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырганын айтып, соттун курамына, ага төрагалык кылган судьяга ишеним көрсөтпөөчүлүк билдирди.

Мындан улам, отурумду 30-апрелге жылдыруу чечими кабыл алынды. Алар ишти башка судья алгандан кийин, аны изилдөөгө убакыт керек боло турганын айтты.

Бүгүн Жогорку сотто «Ата-Мекен» партиясынын лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин соту да болот.

Соттук отурумдарга байланыштуу «Ата Мекен» жана Жапаров лидерлик кылган «Мекенчил» партиясынын мүчөлөрү Соттун имаратынын алдында митинг уюштурган. Алар эки саясатчыны абактан бошотууну соттон талап кылышууда.

Copyright © 2017 Maral FM