Биз менен байланышыңыз

Шашылыш эскертүү: Тоолуу аймактарда сел жүрүшү күтүлөт

Кыска кабар | 20 Апр 2019 | 461 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. 20-22-апрель күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү күтүлөт.

Ошондой эле Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, эртең, 21-апрелде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: +4…+9

күндүз: +12…+17

Талас облусунда

түнкүсүн: +4…+9

күндүз: +11…+16

Ош жана Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн: +8…+13

күндүз: +17…+22

Баткен облусунда

түнкүсүн: +8…+13

күндүз: +17…+22

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: +5…+10

күндүз: +15…+20

Нарын облусунда

түнкүсүн: +2…+7

күндүз: +17…+22

Бишкек шаарында күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9 градус, күндүз +15…+17 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM