Биз менен байланышыңыз

Бордодогу өрт 2 миллион бөтөлкө шарапты жок кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Апр 2019 | 443 | 0

Франциянын Бордо аймагында Sovex Grands Chateaux шарап компаниясынын кампасынан өрт чыккан. Өрт тездик менен жайылып, анын кесепетинен 2 миллион бөтөлкө шарап зыянга учурап, 12,9 млн. долларлык чыгым алып келген. Бул тууралуу The Local басылмасы кабарлады.

Белгисиз себептерден улам чыккан өрт тездик менен жайылган. Аны өчүрүүгө 60тан ашык өрт өчүрүүчү катышып, 15 саат убакыт кеткен.

Бордо Франциядагы шарап жасалчу ири аймак болуп саналат. Бул жерде дүйнөдөгү эң кымбат шараптар чыгарылат.

Белгилей кетсек, Франция шарап экспорттоо боюнча дүйнөлүк лидерлердин башында турат (жылына 9,3 млрд. евро).

 

Copyright © 2017 Maral FM