Биз менен байланышыңыз

Лукашенко: Белоруссияда президенттик шайлоо 2020-жылы өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Апр 2019 | 594 | 0

Белоруссияда президенттик шайлоо 2020-жылы белгиленген мөөнөттө болот. Ал эми Парламенттин төмөнкү палатасын шайлоо 2019-жылга жылдырылат. Бул тууралуу Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко билдиргенин РИА Новости маалымдады.

«Президенттик шайлоо 2020-жылы болушу керек. 2020-жылы өлкөбүздө кандай гана кырдаал болбосун өтөт. Биз саясий оюндарды курбайбыз, эс менен ойнобойбуз. Президенттик шайлоо конституцияда  белгиленген мөөнөттө мыйзамдын негизинде өтөт», – деп айткан Лукашенко Белоруссия элине жана парламентине жыл сайын жиберилүүчү билдирүүсүндө.

Мамлекет башчынын билдирүүсү боюнча, бул жылы Белоруссиянын Улуттук жыйынынын Өкүлчүлүк палатасынын шайлоо өтөт.

Белоруссиянын Борбордук шайлоо комитетинин сайтындагы шайлоолордун календары боюнча Парламенттин төмөнкү палатасын шайлоо 2020-жылдын 10-сентябрына чейин өткөрүлүшү керек. Ал эми президентик шайлоо 2020-жылдын 30-августуна чейин өткөрүлүүсү зарыл.

Буга чейин Белоруссиянын Борбордук шайлоо комитетинин жетекчиси Лидия Ермошина бир жылда эки чоң шайлоо кампанияларын өткөрүү мүмкүн эместигин айтып, 2019-жылдын аягына чейин бирөөсүн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштаган болчу. Ошондой эле буга эң ыңгайлуу күн катары 1-декабрды сунуштаган.

Кошумчалай кетсек, Лукашенко президенттик шайлоого өзүнүн талапкерлигин коюу ниети бар экендигин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM