Биз менен байланышыңыз

Опера жылдыздары бир сахнада

Эртең, 19-апрелде СССРдин эл артисти, атактуу опера ырчысы Болот Миңжылкиевдин жаркын элесине арналган чоң программадагы концерт болот. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде өткөн маалымат жыйында иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Уюштуруучулардын бири, продюссер Ассоль Молдокматованын айтымында, Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Азербайжандын атактуу опера ырчылары бир сахнага биригет. Тактап айтканда, аталган концертке А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын ырчысы Алмаз Истамбаев, Азербайжандын эмгек синирген артисти Сабина Вахабзаде, Санкт-Петербургдагы Мариинский мамлекеттик академиялык театрынын ырчысы Юлия Сулейманова жана Казакстандын опера ырчысы Мадина Оразбай катышат.

Концерт А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында саат 19:00до башталат.

Copyright © 2017 Maral FM