Биз менен байланышыңыз

«Сириядагы кыргызстандыктардын маселесин президент өз көзөмөлүнө алышы керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Апр 2019 | 549 | 0

Сириянын аймагындагы лагерлерде кыргызстандык 160 аял жана жаш балдар бар.  Алардын 90%ы Сирияга 2014-2015-жылдары кеткендер. Бул тууралуу Укук коргоочу Азиза Абдирасулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, дүйнө жүзү боюнча Сириядагы кагылышууларга 82 мамлекеттен 150 миңдей адам катышкан.

«Казакстан 2015-жылдан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ДНК анализдердин негизинде 47 жаранын Сириядан алып чыгып кетти. Биз да Орусия менен Казакстандын тажрыйбасын пайдаланып, реабилитациялык борборлор менен кандай иштешип жатканын үйрөнсөк болот. Операцияларды Коопсуздук кеңешинин деңгээлинде президент Сооронбай Жээнбеков өз көзөмөлүнө алса», — дейт Абдирасулова.

Ал мындан сырткары, Жогорку Кеңешке кайрылып, депутаттарды ал жакка баргандарды Кыргызстандын жарандыгынан ажыратуу боюнча мыйзамды кылдат кароого чакырды.

«Эгер согушка катышкандар Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылса, балдары кайда барат? Иракта да, Сирияда да дипломатия менен мамиле түзүү зарыл», — дейт укук коргоочу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM