Биз менен байланышыңыз

Баңгизаттын жеңил түрүн мыйзамдаштыруу сунушталды

Коом | 17 Июл 2019 | 1032 | 0

Депутат Дастан Бекешев өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу Кыргызстандын экономикасын көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анда мурдагы «Манас» авиабазасына туристтер үчүн атайын оюн-зоок аймагын ачуу сунушталган. Ошондой эле, келген коноктор үчүн баңгизаттын жеңил түрүн колдонууга мыйзамдуу түрдө уруксат берүү керек экенин айткан. Ал башка мусулман мамлекеттерде мындай мыйзамдар иштээрин, мунун эсебинен экономикасы бир топ жогорулап жатканын билдирген.

— Эмнеге «Манас» авиабазасына эркин оюн аймагын ачууга болбойт? Ар кайсы өлкөдөн ар кандай адам визасыз учуп келип, ошол эркин оюн аймагына кире алмак. Инфратүзүм дээрлик бар, ал жерде учак учуучу чийин турат. Башкаруу компаниясын жалдап, көңүл ачууга керектүү шарттарды түзүү керек. Керек болсо чет өлкөлүктөргө маңзаттардын жеңил түрүн сатып алууга жана колдонууга уруксат берүү керек. Башкысы, бул жер өзүбүздүн жарандардын көңүл ачуучу жайына айланбашы зарыл.

Анткен менен укук коргоочу Азиза Абдирасулова эгерде баңгизатты колдонуу сунушу мыйзамдаштырылса, ал мыйзам Кыргызстандын бардык жагында күчүнө кирип каларын айтат. Эл өкүлү айтып жаткан эле жайга мыйзамдаштырууга жол жок. Башка мамлекеттен келген коноктор үчүн гана колдонууга уруксат берилип, биздин жарандарга тыюу салууга мыйзам жол бербей турганын айтып, буларга токтолду:

— Мыйзамда колдонууга уруксат же уруксат эмес деген гана нерсе жазылат. А кайсы территорияда же кимдерге экени жазылбайт. Маселен, биздин өлкөдө киши өлтүргөндөргө жаза барбы? Жок. Ошондой эле да. Эгерде сунушталып жаткан мыйзам күчүнө кирип калса, анда бардык облуста тең иштеп баштайт. Мен укук коргоочу катары айтсам, бул мыйзамды колдобойм. Бизге канчалаган адамдар кайрылган жана учурда да кайрылат. Баңгизаттын оор түрү менен кармалып, 20-25 жылга кесилип кеткен жаш балдарыбыз бар. Алардын тагдыры талкаланып жатат. Мына ушул жагдайлар да эске алынышы керек.

Эгерде жогорудагы мыйзам күчүнө кирсе, өлкөнүн экономикасынын жогорулашы көп деле байкалбайт. Мындай пикирди экономист Эрлан Камалов билдирип, бир гана баңгизат колдонуу үчүн туристтердин Кыргызстанга агылуусу көп болот дегенден алыс. Ошол эле учурда, казинону аталаган жайга мыйзамдаштырууну колдойт, бирок баңгизаттын жеңил түрүнө да уруксат берилишине караманча каршы.

— Казинону ачып, мыйзамдаштырса болот. Аны мен колдойм. Биздин жарандар башка жакка барып деле ойноп жатышат. А баңгизатты мыйзамдаштырып, экономикага өсүш алып келет дегенге кошулбайм. Туристтер бир гана биздин мамлекетке башка жактан баңгизатты колдонуу үчүн келмек беле? Мындай зат сатылган дүйнөдө ири-ири шаарлар бар. Ошол жакка деле барышат да.

Ал эми эл өкүлү Садык-Шер-Нияз Казакстан өлкөсүндө туристтер үчүн аталган заттын колдонуларын айтканы менен, бир гана депутаттын сунуштоосу аркылуу мыйзамды кабыл алууну колдобойт. Элдин, башка депутаттардын көз карашын, пикирин да угуп, дыкат каралып, чечилиши керектигин кошумчалады.

— Бул маселени бир саатта бир же эки гана адам чече албайт. Бирок экономикага байланыштуу маселе болуп жаткандан кийин карап чыгышыбыз керек. Казакстандын Кыргызстанга жакын аймагында баңгизаттын жеңил түрүнө уруксат берилген, бирок бир гана туристтер үчүн. Көзөмөл болушу керек. Элди ойлош керек. Мындан мурун казинону жабуу маселеси да каралып, жабылды эле. Ошондой ызы-чуу болбошу керек. Анын үстүнө, «Манас» авиабазасына андай жайды ачууга болбойт. Эч нерсе деле калган эмес. А конокторду тосуу үчүн шарт болушу керек да.

Депутат Дастан Бекешев сунуштап жаткан мыйзам долбоорун колдойсузбу? Бул суроону борбордун тургундарына берип көрдүк.

— Мен каршымын. Баңгизатты мыйзамдаштыргандан көрө, коррупцияны жоюшсунчу. Депутаттардын кыла элек ушунусу эле калды эле.

— Албетте, колдойм. Кыргыздарды киргизбеш керек. Бир гана туристтерди кабыл алып, баңгизатты мыйзамдаштырып, түшкөн каражаттын 70 %ы Кыргызстанга которулушу керек.

— Кыргыздарга киргенге уруксат жок деп жатат. Ким кепилдик бере алат? Андай мыйзамды сактоого укук коргоочулардын чамасы жетеби? Ойлонуш керек да.

— Мен каршымын. Мусулман өлкө болсок, кантип бул мыйзам сунушталып жатат? Жаштарыбыз азыр араң эле турушат. Алар эмне болот?

— Жарандарыбыз кенедей нерсе кыла калып, соттолуп жатат. Эми бул иш менен да далай жаштар кетет экен да.

Кошумчалай кетсек, Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча берген маалыматына таянсак, дүйнө жүзү боюнча баңгизат колдонгондордун саны мурункуга салыштырмалуу  56 пайызга өскөн. Кокаин өндүрүшү 2017-жылы 25 пайызга көбөйгөн. Ошондой эле, дүйнөдө 2017-жылы баңгизатка көз каранды адамдар да көбөйүп, медициналык жардамга муктаждардын саны 30-35 миллионго жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM