Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеӊеш Башкы прокурордун отчетун кабыл алды

Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 491 | 0

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңеште  көпчүлүк добуш менен 2018-жылы Кыргызстандагы мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыңдоо үчүн прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер жөнүндөгү Башкы прокурордун отчетун канааттандырарлык деп табуу боюнча токтом кабыл алынды.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун маалыматы боюнча 2018-жылы мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары тарабынан 38 971 мыйзам бузуу аныкталып, аларды четтетүү үчүн 4 020 прокурордук акты түзүлгөн. Анын негизинде тартиптик жана административдик жоопкерчиликке 9948 адам тартылып, 962 жазык иши козголгон. Ошондой  эле мамлекетке келтирилген зыяндардын ордун толтуруунун суммасы прокурордук актылардын негизинде 947 635 406 сомду түзгөн.

Талкууда депутат Мирлан Бакиров депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен мыйзамдуулуктун сакталышын күчөтүүгө чакырды. Ошону менен катар жасалма документтер менен жер берүү маселеси стихиялуу түргө өтүп жаткандыгын эскертип, көзөмөлгө алуу керектигин билдирди.

Укук коргоо органдарына керек болгон каражаттар республикалык бюджеттен бөлүнүп берилиши зарылдыгын айткан Акылбек Жапаров Башкы прокуратура менен парламент ушул сыяктуу жагдайлардын чечилиши үчүн бирегелешип мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүүгө чакырды.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM