Биз менен байланышыңыз

Былтыр 158 менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 537 | 0

2018-жылы жалпы аянты 188 гектар, жалпы наркы 380 миллион 18 миң сомду түзгөн 158 жер тилкеси, 5 билим берүү мекемеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Мындан сырткары, ал мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен Жайыл районундагы 1 мектеп, медициналык колледждин имараттары жана балдар медициналык реабилитациялык комплексине караштуу 37 миллион 692 миң сомду түзгөн жер тилкеси кайтарылганын кошумчалады.

Ошондой эле 7 саламаттыкты сактоо обьектиси, 20 саламаттыкты сактоо аймагына тиешелүү жер тилкеси жана 7 дене тарбия спорт обьектиси кайтарылган.

Copyright © 2017 Maral FM