2018-жылы жалпы аянты 188 гектар, жалпы наркы 380 миллион 18 миң сомду түзгөн 158 жер тилкеси, 5 билим берүү мекемеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.
Мындан сырткары, ал мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен Жайыл районундагы 1 мектеп, медициналык колледждин имараттары жана балдар медициналык реабилитациялык комплексине караштуу 37 миллион 692 миң сомду түзгөн жер тилкеси кайтарылганын кошумчалады.
Ошондой эле 7 саламаттыкты сактоо обьектиси, 20 саламаттыкты сактоо аймагына тиешелүү жер тилкеси жана 7 дене тарбия спорт обьектиси кайтарылган.