Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков прокуратура органдарынын бир катар кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды

Кыска кабар | 22 Ноя 2019 | 789 | 0

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-ноябрда Кыргыз прокуратурасынын 95 жылдыгына карата прокуратура органдарынын бир катар кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышкандар:

— Талас облусунун Талас шаарынын прокурору — Алмазбек Айтназаров;

— Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун прокурору — Насриддин Бообеков;

— Чүй облусунун Жайыл районунун прокурорунун улук жардамчысы — Алтынкуль Чакчагаева.

Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйланышкандар:

— Ысык-Көл облустук прокуратурасынын финансы жана ресурстук камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси — Динара Асылбекова;

— Ош облусунун Араван районунун прокурору — Эмиль Болотбеков;

— Чүй облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн улук прокурору — Таалай Бообеков;

— Ош шаардык прокуратурасынын жазык жана жарандык сот өндүрүшү бөлүмүнүн улук прокурору — Жаныбек Жолдошев;

— Баткен облусунун Баткен районунун прокурору — Анвар Исманов;

— Талас облусунун прокурору — Гулмира Кашкарова;

— Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын Балыкчы гарнизонунун аскер прокурору — Рустамбек Сейдахматов;

— Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокурорунун улук жардамчысы — Уланбек Тагаев;

— Нарын облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн начальниги –Токон Мурат;

— Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун прокурорунун улук жардамчысы — Роза Шамшидинова.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго «3-класстагы Юстициянын мамлекеттик кеңешчиси» класстык чини ыйгарылды.

Copyright © 2017 Maral FM