Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик башкаруу академиясы Ханнс Зайдель Фонду менен кызматташат

Кыска кабар | 15 Апр 2019 | 702 | 0

Мамлекеттик башкаруу академиясы жана Ханнс Зайдель фонду кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбековдун Германияга расмий сапарынын алкагында Мюнхен шаарында КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жана Ханнс Зайдель фонду кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту.

Документке кыргыз тараптан Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев, фонд тараптан Ханнс Зайдель атындагы фонддун Эл аралык кызматташуу институтунун директору Сюзанна Лютер кол коюшту.

Тараптар Кыргызстандын мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерин кошумча кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, жергиликтүү деңгээлде парламентаризмди өнүктүрүү, ошондой эле Академиянын институционалдык мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу чөйрөсүндөгү окуу программаларын ишке ашыруу катары саналган «Борбордук Азияда натыйжалуу мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү» долбоорунун алкагында кызматташуу боюнча макулдашышты.

Copyright © 2017 Maral FM