Биз менен байланышыңыз

Президенттин Германияда расмий иш сапары башталды [ВИДЕО]

Кыска кабар | 15 Апр 2019 | 663 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун Германиядагы расмий иш сапары башталды.

Бүгүн 15-апрель иш сапардын биринчи күнү экономикалык блокко арналат. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы кабарлайт.

Мамлекет башчысы кыргыз-немис экономикалык форумуна катышат, Ханнс Зайдель атындагы Фонддо сөз сүйлөйт жана айыл чарба ишканасына барат.

Мюнхен шаарында Президент Сооронбай Жээнбеков Бавариянын мамлекеттик канцеляриясынын башчысы, Бавариянын федералдык жана европалык маселелер, ММК маселелери боюнча мамлекеттик министр Флориан Херман менен, экономика, өнүгүү жана энергетика мамлекеттик министри, Бавариянын Премьер-министринин орун басары Хуберт Айвангер менен жолугушат.

Мамлекет башчысы ошондой эле Германияда иштеген кыргызстандыктар менен да жолугушат.

Copyright © 2017 Maral FM