Германия менен Кыргызстанга заманбап фитосанитардык лаборатория түзүү маселеси талкууланат. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.
Анын айтымында бул маселе президенттин 15-16-апрелдеги Германияга болгон расмий иш сапарынын алкагында каралат.
Ошондой эле Бавария фитосанитардык лабораториясына Кыргызстандан адистер барып стажировкадан өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.