Биз менен байланышыңыз

Ашхабад шаары жамгырдан кийин «дарыяга айланды»

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Апр 2019 | 788 | 0

13-апрелде тынбай жааган жамгырдан улам, Ашхабад шаарынын бир канча районун суу каптады.

Жергиликтүү саат боюнча 16:00дөн кийин шаардын бир топ көчөлөрү «дарыяга айланган». Темир жолдун батыш тарабындагы автоунаалар өтүүчү туннель толугу менен  сууга толуп калган. Жол кыймылы убактылуу токтоду. «Юнус Эмре» көчөсүн толугу менен суу каптагандыгын «Хроники Туркменистана» маалымат агенттиги билдирди.

Ошондой эле МИР-4 кичирайонунун тургундары жер төлөлөргө суу толуп калганын айтышып, көп кабаттуу үйлөрдүн жогорку кабатындагы тургундар чатырдан суу кирип жатканын билдиришкен.

Gismeteoнун аба ырайы тууралуу берген маалыматы боюнча, Ашхабадда дагы эки күн жамгыр жаайт.

Copyright © 2017 Maral FM