Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков КМШ лидерлеринин саммитине катышуу үчүн Ашхабадга барды

Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 705 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Ашхабадга келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынында Шериктештиктин алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде КМШга катышкан мамлекеттердин Стратегиялык экономикалык кызматташуу Декларациясынын долбоору талкууланат. Ошондой эле КМШ МБК жыйынына катышуунун алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулардын өтүшү күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM