Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 2020-жылга чейин митингди токтотуу сунушталды

Кыска кабар | 13 Апр 2019 | 1088 | 0

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов 2020-жылга чейин баш калаада митингдерди өткөрүүгө тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу анын коомчулукка кайрылуусунда айтылат.

Ал белгилегендей, 2019-жылдын башынан бери мэрия митинг, пикет жана жөө жүрүш өткөрүү тууралуу 19 арыз келип түшкөн. Мындай иш-чаралар бизнесмендер менен туристтердин тынчын алууда.

Мэрдин маалыматы боюнча, митинг өткөн жерлерде муниципалдык кызматтар тонналаган таштандыларды чыгарат. Андан тышкары клумбадагы гүлдөрдү тепселеп, отургучтар сындырып, урналарды оодарып салышат. «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери ошол жерлерди кайрадан тазалап жууп чыгат.

Мындан тышкары, туруксуз саясий жана коомдук абал инвесторлорду жана туристтерди да чоочутуп жатат, — дейт мэр.

Мэр саясий партияларды талаш-тартыштарды сүйлөшүү жолу менен маданияттуу чечүүгө чакырып, эмки жылга чейин Бишкекте митингдерди өткөрүүгө мораторий киргизүүнү сунуш кылды.

Copyright © 2017 Maral FM