Биз менен байланышыңыз

Садыбакасова: Бабанов банкты 25 млн. долларга сатып алган эмес

Кыска кабар | 12 Апр 2019 | 555 | 0

«Өмүрбек Бабанов: «АКБ «Кыргызстан» банкын 25 млн. долларга сатып алгам», — деп жатат, бул туура эмес. Келишим боюнча ал банкты 20 млн. долларга  сатып алган. Эртең калган 5 млн. долларды өзү менен кошо ала келсин», – деди бүгүн, 12-апрелде «Кыргызстан» банкынын экс -башчысы Шарипа Садыбакасова маалымат жыйынында.

Ошондой эле Шарипа Садыбакасова 2009-жылдан бери ар түрдүү укук коргоочуларга, ошол эле учурда  Бекназаров башында турган Башкы прокуратурага кайрылганын, ал тургай, 2010-2013-жылдары Бабановго да кайрылганын айтты. Бабанов маселени карап көрүүгө убада берип, бирок убактысы болбогонун кошумчалады.

Анын айтымында,  АКБ «Кыргызстан» банкын туткундоо 3 жылга созулган, ошондой эле 3 жыл аралыгында ага байланыштуу 6 жолу кылмыш иши козголгон. Ар түрдүү фактылар боюнча козголгон ошол иштерге жооп катары керектүү документтер көрсөтүлгөн. Илинчек таппай калганда, туугандарынын бизнестерин иликтей башташкан.

«2008-жылы Медет Садыркулов мени өзүнүн кабинетине чакырып, банкты беришим керектигин айтты. Бакыт Койчубаков  деген акционер бар болчу, үчөөбүз ал жерден чыгып Максим Бакиевдин кабинетине бардык. Алар бизге акциялардын 60 %ын топтоп, бакты Бабановго өткөрүп берүүбүздү талап кылды. Келишимди Елисеев даядаптыр, талкуулоого болбойт деп кысымга алышканынан, аргасыз кол коюп беришке туура келди. Бул иште Максим Бакиев роль ойногон, алардын жардамы менен Бабанов банкты алган. Биз 2008-жылы банкты өткөрүп бергенбиз» — деди  Шарипа Садыбакасова.

Ошондой эле, банктын мурдагы акционери Нусрет Мамедов Бабановго кайрадан акционер кылуу жана 11 жылда топтолгон дивиденттерди берүү боюнча кайрылды.

АКБ «Кыргызстан» банкынын 1998-жылдагы акционери Калича Умуралиева ушул жылдын февралында акционерлер дивиденттерди кайтарбай жатканына карата арыз жазышканын, бирок Бабанов мыйзамга каршы чыгып, алып кеткенин билдирди.

Бул иш  боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 2-беренесинин негизинде иш козголуп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, тергөө иштери башталганын кошумчалады.

«Тергөө иштеринин башталганынын бири катары биз суракка күбө катары чакырылдык. Кечээ «Кыргызстан» АКБнын ишине тиешелүү адам катары  Бабанов тараптан жээни Жаныбек Сагадылда уулу чакырылды», — деди Калича Умуралиева.

«Кыргызстан» банкы келишимде 20 млн. долларга сатылды деп турса, кандайча 25 млн. долларга сатып алган болуп калат? Ушул боюнча түшүндүрүп берсинчи. Чындыгын өз оозунан уккум келет», — деп кошумчалады Шарипа Садыбакасова.

 

Copyright © 2017 Maral FM