Биз менен байланышыңыз

Эртең Кыргызстанда күн ачык болот

Кыска кабар | 12 Апр 2019 | 461 | 0

Синоптиктердин болжолу боюнча эртең, 13-апрелде Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот, кар көчкү коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23,

Таласта: түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында: түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24,

Ысык-Көлдө: түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19,

Нарын облусунда: түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20,

Бийик тоолуу райондордо: түнкүсүн -7…-12 градус суук, күндүз 1…6 градус болот.

Бишкек шаарында: түнкүсүн 6…8, күндүз 19…21 градус болот. Жаан-чачын жаабайт.

Copyright © 2017 Maral FM