Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: 2018-жылы сыноолор көп болду

Кыска кабар | 12 Апр 2019 | 517 | 0

«2018-жыл өкмөт үчүн сыноолорго толгон жыл болду». Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн парламенттеги көпчүлүк коалицияга отчет берип жатып айтты.

Ал ар бир сын адекваттуу түрдө, өкмөттүн ишин өркүндөтүүгө чакырык катары кабыл алынганын белгиледи. Негизги көйгөйлөр макулдашуулар менен чечилгенин кошумчалады. Мындан тышкары, өкмөттүн ишин колдоп келе жатканы үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирди.

Учурда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн 2018-жылдагы аткарган иштери тууралуу көпчүлүк коалицияга отчет берүүдө.

Кошумчалай кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 11-апрелде парламентте кайрылуу жасап, өлкөдө жасалган экономикалык, социалдык багыттагы аткарылган иштер тууралуу кенен маалымат берген. Серепчилер бул кадамды «президент өкмөттү кетирбей турууга белги берди» деп сыпатташкан.

Бүгүн «Маралдын» түз эфиринде депутат Бакыт Төрөбаев маек берип жатып, президент тарабынан өкмөт башчылардын арасынан бир гана Мухаммедкалый Абылгазиевге чоң колдоо болуп жатканын, Абылгазиев муну жакшы пайдаланышы керектигин айткан эле.

Ал эми депутат Руслан Казакбаев эгер Жогорку Кеңеш өкмөттүн отчетун колдоп берсе, коомчулукта парламентке, өкмөткө жана президент Сооронбай Жээнбековго карата сын пикир күчөй турганын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM