Биз менен байланышыңыз

Конго өлкөсүндө Эбола вирусуна чалдыккандар 1200гө жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Апр 2019 | 602 | 0

Конго Демократиялык Республикасында Эбола вирусун жуктуруп алгандардын саны 1200гө жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлаганын РИА новости жазды.

Буга чейин 1009 адам жугуштуу ооруга чалдыкканы жана 629 адам набыт болгону кабарланган.

«Башында бул ооруга чалдыккандар 1186га жеткен. Анын 1120сы тастыкталып, дагы 66 адам ооруга шектелген болчу», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Расмий маалыматка ылайык, 751 адам набыт болгон. Ал эми 354 адам оорудан айыгып, идетти жуктуруп  алган деп шектелген 316 адам иликтенип жатат.

Эбола эпидемиясы Батыш Африкада 2015-жылы чыккан. Анда аталган оорунун вирусу Гвинея, Сьерра-Леоне жана Либерияны каптаган.

Эбола оорусу Конго өлкөсүндө 2018-жылдын июнь айында башталган.

Copyright © 2017 Maral FM