Биз менен байланышыңыз

Конгодо Эболанын жаңы учуру катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Фев 2021 | 467 | 0

Конго мамлекетинде Эбола вирусунун жаны учуру катталды. Илдетке чалдыккан аялдын каза болгону айтылууда.

Африка өлкөсүндөгү Эбола вирусунун жаңы учуру оору токтоду дегенден 2 ай өтүп башталды. Аялдан мурда аталган вирус менен анын жубайы ооруган.

Аялдан оорунун симптомдору 1-февралда аныкталып, 2 күндөн кийин каза болгон.

2020-жылдын 18-ноябрында Конго бийлиги Эболанын кезектеги толкуну аяктаганын жарыялаган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM