Биз менен байланышыңыз

Казакбаев: КСДП мурда эле оппозицияга кетсе болмок

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Апр 2019 | 488 | 0

Парламенттеги көпчүлүк коалициянын таркоосу канчалык көп талкууланса да, маселе чечилбейт. Себеби, анын баары саясий оюн. Анткени, көпчүлүк коалиция бийликке, КСДПга байланыштуу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын пикиринде, депутаттардын ынтымагы бекем болсо, көпчүлүк коалицияга айрым фракциялар кирип чыга беришет.

Казакбаев мындан сырткары, КСДП мурда эле оппозицияга кетсе болмоктугун белгилеп, элдин жашоосун оңдоо үчүн ар бир бийлик бутагы өз милдетин татыктуу аткарышы зарыл экенин кошумчалады.

«Биз мыйзамдар бул жакта калсын, Конституциянын жоболорун да аткарбай жатабыз«, — деди эл өкүлү.

 

Copyright © 2017 Maral FM