Биз менен байланышыңыз

Венгрияда Кыргызстандын элчилиги ачылды (сүрөт)

Кыска кабар | 5 Окт 2021 | 296 | 0

4-октябрда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Венгрияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинин расмий ачылыш аземи болду. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Элчиликтин расмий ачылыш аземине Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри П.Сийярто, ТМККнын Венгриядагы Өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, Кыргызстандын Венгриядагы Ардактуу консулу Э.Эрдош, ошондой эле Венгриянын жогорку окуу жайларында окуган кыргызстандыктар катышты.

Президент Садыр Жапаровдун ушул жылдын 8-сентябрындагы Жарлыгы менен Кыргызстандын Венгриядагы Элчилиги түзүлдү.

Руслан Казакбаев 28-ноябрда Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоого байланыштуу Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинде шайлоо участогун ачуу пландалып жаткандыгы жөнүндө маалымдады.

Казакбаев Венгрия менен стратегиялык өнөктөштүк жалпысынан ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгын жана ушул жылдын 4-октябрында Кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин 1-жыйыны өткөрүлө тургандыгын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM