Биз менен байланышыңыз

«ЖК өкмөттүн отчётун колдосо, парламентке, президентке сын күчөйт»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Апр 2019 | 366 | 0

Жогорку Кеңеш өкмөттүн отчётун колдоп берсе, коомчулукта парламентке, өкмөткө жана президент Сооронбай Жээнбековго  карата сын пикир күчөйт. Себеби, буга чейин бир да жолу президент тарабынан өкмөткө мындай ишеним көрсөтүлгөн эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын пикиринде, өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев — тажрыйбалуу, таза инсан. Бирок, «жалгыз дарак токой болбойт». Элдин өлкө башчыга, бийликке, өкмөткө болгон ишеними кадр маселесине байланыштуу. Андыктан кадрлар күчтүү болушу керек.

«Тааныш, дос, тууганчылык менен кете берсек, өлкө өнүкпөйт.  Биз тышкы күчтөр менен күрөшпөй, саясий элита акыркы жылдары бири-бири менен күрөшүп келе жатат. Кыргыз кыргыз менен күрөшүп, баатыр деген наам алууда», — дейт Казакбаев.

Эл өкүлүнүн айтымында, парламент көпчүлүк учурда өкмөт боюнча оюн ачык айтпай жатат.

«Эми өз учурунда программасына да карабай, шашылыш шайлаган өкмөтүбүздүн отчетун колдоп берели деп турабыз. Жээнбеков Абылгазиевге ишеним көрсөтүп жатат. Бирок президент өкмөттүн толук курамын карай албайт», — дейт депутат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM