Биз менен байланышыңыз

«Кутбилим» мектеби: Биздин максат: коомго пайдалуу адам тарбиялоо

Билим-маданият | 14 Апр 2019 | 4013 | 0

 Марал радиосунун «Бизнес клуб» программасы — ийгиликке шыктандыруучу уктуруу. «Бизнес клуб» — жаратмандардын жакшы иштерин жар салат. «Бизнес клубда» биздин күндүн каармандары ийгилик сырларын бөлүшөт. Андыктан, «Бизнес клуб» программасы менен бирге болуңуздар. Программанын бул жолку коногу — «Кут билим»  окуу-тарбия комплексинин директору Кенжебек Карасартов. 

«Кутбилим» – улуттук мектеп

2000-жылдары кыргыз ишкерлери тарабынан: «Эмне себептен балдарыбыз чет өлкөлүктөр ачкан жеке менчик мектептерде окушу керек? А эмне үчүн биз – өзүбүз ошондой заманбап, ошолорго атаандаш мектеп уюштура албайбыз?» – деген идея көтөрүлгөн экен. Идея 2012-жылы ишке ашып, азыркы «Кутбилим» окуу-тарбия комплекси негизделди. Бул мектептин ачылышына бир эмес, бир нече адамдын салымы бар. Толук кандуу кыргыз ишкерлеринин капиталына курулган десек жаңылбайбыз.

Мектебибиз Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында жайгашкан. Советтер Союзунун учурунда бала бакча болуп, кийин эгемендик келгенде каралбай, эң ыплас жайга айланган экен. Акыбалына боору ооруган ошол жерлик бир тургун менчикке чыгартып, тегерек-четин тосуп, сактап жүрүптүр. Биз ошол адамдан сатып алып, кайрадан оңдоп-түздөөдөн өткөрүп, эки кабаттын биринчи кабатын окуу класстары, экинчи кабатын жатакана кылып ачтык. Алгач ачылганда, 40 окуучу менен баштасак, азыркы тапта 250 окуучубуз бар.

Башкы максат – «адам» калыптандыруу 

Биздин мектептин башка жеке менчик мектептерден айырмасы: интернат тибинде. Интернат десе, илгеркиче жетим балдар окуйт экен деп ойлоп албагыла. Толук кандуу үй-бүлөдө эле өскөн балдарды кабыл алабыз.

Айталы, башка мектептер беш же алты саат гана көңүл бөлсө, биздин мектепте жыйырма төрт саат бою көзөмөлүбүздө болот. Ата-энесин, жакындарын чейректик каникулда гана көргөн окуучулар да бар. Демек, андайда мына ошол сагыныч, кусалыкты толтуруп туруу, ата-энелик милдетти кошо аткаруу да биздин моюнга жүктөлөт.

Мугалимдерди ишке алып жатканда да, билимине гана эмес, анын адеп-ахлагына, жүрүм-турумуна да талап коёбуз. Сыймык менен белгилеп кете алам, биздеги мугалимдер арак ичпейт, тамеки тартпайт, жаман жоруктарды, терс көрүнүштөрдү жасабайт. Мугалим билими менен эле эмес, жүрүм-туруму менен да үлгү болууга тийиш. Окуучу укканынан мурда, көргөнүнөн көбүрөөк таасир аларын унутпаганыбыз оң.

Дегеним, балага жөн гана билим берип тим болбостон, эртеңки келечекке да тарбиялашыбыз керек. Канчалык билимдүү болгон күндө да, анын адеби, ыйманы бөксө болсо, коомго пайда алып келбейт. Бул жагын да эске ала жүрүүбүз зарыл. 

Албетте, ойноп атып «чукчуңдаша» кетүү, танаписте бирин-бири жөөлөп кетүү деген сыяктуулар бизде деле бар. Бул эми табигый көрүнүш го! А бирок, ректчилик, улуулары кичүүлөрүнө ыдык көрсөтүү деген сыяктуу көйгөйлөр жок деп так кесе, ишенимдүү айта алам.

Ата-энелер менен тыгыз иштешебиз. Жергиликтүү шартты эске алып, бир жылда эки жолу: биринчи чейректин, анан үчүнчү чейректин аягында чогулуш өткөрүп, отчет берип турабыз. Кээде ата-энелер менен биргеликте окуу деген сыяктуу кароо-сынактарды уюштуруп келебиз.

Үйдө ата менен эненин сөзү, пикири бир жерден чыгып турган учурда гана баланы тарбиялоо оңой болот. Ата башканы айтып, эне башканы талап кылып турса, андай баланын тарбиясына доо кетет. Анын сыңары, мектеп менен ата-эне тыгыз карым-катышта болушу керек. Мектепти социалдык мекеме катары көргөн ата-эне да жок эмес. Баласын алып барып берип коёт, андайын аны менен иши да болбойт. «Тапшырдымбы, тарбиялап ал» мамиле жасагандардын балдарын үйрөтүш өтө оор, чынында. Биздин башкы максатыбыз: коомго пайдалуу адам тарбиялоо.

Бийиктикти билим менен өлчөсөк… 

Бизде сабак учурунда айрым зарыл жагдайларды эске албаганда, дээрлик телефон колдонууга тыюу салынат. Ошол эле учурда, замандан  артта калтырган да туура болбойт. Ушул жагдайдан улам, мектепти атайын заманбап куралдар менен толук кандуу жабдуу боюнча иштерди алып баруунун үстүндөбүз.

Буга чейин мамлекеттик мектептерде иштеп келген адам катары жакшы билем, мугалимдин көп убактысы кагаз толтурууга кетип калат. Тактап айтканда, балага жетиштүү көңүл бурулбайт. Ошондон улам, жакында Билим берүү жана илим министрлигине электрондук журналды сунуштайлы деп жатабыз. Бул – бир чети өлкө башчысынын санариптештирүү жылы жарлыгын кубаттоо болсо, бир чети мугалимдин убактысын үнөмдөө. 

Кудайга шүгүр, мектебибиз Аламүдүн району боюнча алдыңкы мектептердин катарында. Ошол эле учурда облустук, республикалык олимпиадалардан башкы орундарды багындырган, Жалпы республикалык тестирлөөдөн «Алтын сертификат» алган окуучуларыбыз да бар.

Учурда окуучуларыбыздын алды Түркия, Корея, Россия, Казакстан сыяктуу чет мамлекеттердин алдыңкы окуу жайларында билим алса, арты Бишкек, Ош шаарларынын эң престиждүү окуу жайларынан билим алышууда. Жогорку окуу жайга тапшыра албай калган бир да балабыз болгон жок. Алардын 80 %ы бюджеттик негизде окуп жатышат.

Быйыл төртүнчү жылкы бүтүрүүчүлөрдү узатабыз.

Билим эле берип койбостон, ар кандай оюн-зоок кечелерди, саякаттарды, эс алууларды да уюштуруп турабыз. Негизги окуудан тышкары атайын спорттук, маданий, тил үйрөтүү сыяктуу бир катар ийримдер бар. Окуучулар бош убактысында өздөрү каалаган ийримге жазылып, келечегине керектүү өнөр үйрөнүп чыга алышат.

Тапшырууну каалагандарга талап

6-класстын окуучуларынан атайын сынак алабыз. Сынактан өткөндөр сентябрь айында 7-класстан баштап бизден окушат. Быйылкы сынак, тактап айтканда, 2019-2020-окуу жылына кабыл алуу 20-апрелде Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас шаарларынын «Секом» билим берүү борборунун имаратында жүргүзүлөт. Ал эми, Чүй облусунун аймактарынан, Бишкек шаарынан тапшырууну каалагандарга Байтик айылындагы «Кутбилим» мектебинде сынак жүргүзүлөт.

Ошол эле учурда, Жети-Өгүз районунун борбору Кызыл-Суу (Покровка) айылына да филиал ачканбыз. Ысык-Көл, Нарындан тапшырууну каалагандар ошол жакка барышса болот. Ал жердин шарты, билим берүү стандарты, системасы Байтик айылындагы мектептен эч айырмасы жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM