Биз менен байланышыңыз

Осмоналиев: Жеке мектептер текшерилсе, башаламандыктар көп чыгат

Күн чекит | 21 Фев 2019 | 1062 | 0

Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймагындагы мектептин мүдүрү окуучуларга адепсиз мамиле кылган. Мындай маалымат 21-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйында айтылып, көтөрүлдү. Бул боюнча депутатка ата-энелер кабарлашкан.

Ыдык көрсөткөн мүдүр жана министрликтин кабары жок мектеп тууралуу мурдагы Билим берүү министри Каныбек Осмоналиев «Күн чекит» программасында айтып берди.

Марал: Университеттин алдындагы мектептен Билим берүү министрлигинин кабары жок болуп жатат. Бул чындыгында ар кандай ойго жетелейт. Сиз кандай ойдо болуп жатасыз?

Осмоналиев: Акыркы жылдары ар бир кесиптик окуу жай өздөрүнө жалпы билим берүү мекемелерин ачкан. Ошолордун эсебинен өзүнүн континентин бекемдеп, толтуруунун амалына өтүшкөн. Мындай чар-жайыттын бар экени баарыбызга белгилүү.Каалаганы лицензия алат, каалаганы албайт. Мени таң калтырганы мындай мектептер Кыргызстан боюнча көбөйө баштады. Бүгүнкү көтөрүлгөн маселе ошонун эле бир эпизоду. Эгер муну Кыргызстан боюнча системалуу түрдө текшерүү иштерин жасалса, мындан дагы жаман көрүнүштөр чыгат. Буга мен жүз пайыз ишенем.

Марал: Мектеп мүдүрү окуучуларга ыдык көрсөткөн деп жатат. Эми мындай мамилеге кандай баа берилиши керек?

Осмоналиев: Албетте бул жетекчиге административдик чара көрүлүшү керек. Министрликтин өкүлү бул маалыматты тактайын деп жатса, министрдин деле кабары жок. Ошондуктан ээн жүрүп, билген намаздарын окуп отурушат. Билим берүү мыйзамы талап кылган 30 пайыздан жогору компонент сакталышы керек деген норманы сактап жатышабы же жокпу? Бул дагы суроо… Диний мектептерди эске албаганда. Аны менен эч кимдин иши жок.

Марал: Кыргызстанда ачылган мектептер кандай негизде иш алып барышы керек?

Осмоналиев: Ар бир билим берүү мекемеси лицензия менен иш алып барат. Эми ошол лицензинын аттестациялык талаптарын жеке жактар аткарып жатабы? Мунун баарына министрлик көзөмөл жүргүзүшү керек эле… Бирок баары чар-жайыт башаламан.

Марал: Маегиңизге рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM