Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Жаш таланттар — 2019» сынагы өтөт

13-14 апрель күндөрү Бишкек шаарында музыкалык мектептер арасында «Жаш таланттар-2019» сынагы өткөрүлөт. Бул тууралуу КР Композиторлор союзунан маалымдашты.

Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун 80 жылдыгынын алкагында өтүп жаткан бул кароо-сынактын негизги максаты: жаш таланттарды эл алдына алып чыгуу, дүйнөлүк жана улуттук классиканы жаштар арасына жайылтуу, улуттук музыкалык аспаптарды даңазалоо болуп саналат.

Кароо-сынак аталган күндөрү Бишкек шаардык М.Абдраев атындагы атайын адистештирилген балдардын музыкалуу орто мектеп-интернатынын концерттик залында өтөт. Сынакка 7 жаштан 12 жашка чейинки жаш музыканттар, аспапчылар катыша алышат.

Copyright © 2017 Maral FM