Биз менен байланышыңыз

Масалиев: КСДП фракциясы коалициядан чыгышы керек

Кыска кабар | 10 Апр 2019 | 720 | 0

Депутат Исхак Масалиев КСДП фракциясын көпчүлүк коалициядан чыгуусун талап кылды. Анткени азыркы коалиция мыйзамга дал келбейт деп эсептейт.

— Коалиция 4 фракциядан куралган деп айтылганы менен «Республика-Ата Журт» өткөн жылы коштурулган болчу. Бул мыйзамга туура келбейт. Мыйзам боюнча коалиция түзүлөт, анда кошуу, алуу деген жери жок. Партиясы оппозицияда болуп, фракциясы коалицияда болгонун кандай түшүнсөк болот? Убакыт келди, төрдү бошотуш керек.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасына кат жөнөткөнүн, жообун ала албай жатканын да белгиледи. Депутат кыска убакыт ичинде жаңы коалиция түзүүнү да сунуш кылды.

Бирок КСДП фракциясынын төрагасы Иса Өмүркулов “Республика-Ата Журт” фракциясынын коалицияга кошулуусу мыйзамдын негизинде эле болгонун айтты. Ошол себептүү азыркы коалиция өз ишин улантуусуна мыйзам жол берерин да эскертти.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясына КСДП, «Республика-Ата Журт», «Бир бол» жана «Кыргызстан» фракциялары кирген.

Copyright © 2017 Maral FM