Биз менен байланышыңыз

Жылуулук электр борборундагы коррупция боюнча сот иши уланат

Кыска кабар | 10 Апр 2019 | 485 | 0

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча соттук териштирүү бүгүн уланат.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жаткан сот ишине 3-апрелде айыпталуучулардын бири Айбек Калиевдин адвокаты келбей калган болчу.

Мындан улам отурумга судьялык кылуучу Инара Гилязетдинова териштирүүнү 10-апрелге жылдырган.

Буга чейинки отурумда Жантөрө Сатыбалдиев отурумга туугандардын жана тарапташтардын катышуусун камсыздоону соттон өтүнгөн.

Бул пикирди Сапар Исаков да колдоп, отурум ачык-айкын өтүп, коомчулук бардык айыптоочу жана жактоочунун далилдерин угушсун деген сөз айткан болчу.

ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция боюнча мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев баш болгон сегиз адамга айып коюлган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча кылмыш ишин кароо 18-февралда башталган.

Copyright © 2017 Maral FM