Биз менен байланышыңыз

Визасыз режим 2025-жылга чейин колдонулат

Кыска кабар | 10 Апр 2019 | 452 | 0

«Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күндүк визасыз режим киргизүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Аталган мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 28-февралда кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, айрым мамлекеттердин жарандары үчүн киргизилген визасыз режим 2025-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат жана 60 күндүк бир тараптуу визасыз режим киргизилген мамлекеттердин тизмегине дагы 7 өлкө кошулду.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM