Биз менен байланышыңыз

«Украинада шайлоодо утулган талапкерлер добушун Порошенкого беришет»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Апр 2019 | 506 | 0

Украинадагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасынан четтеген талапкерлер добушун өлкөнүн учурдагы президенти Петр Порошенкого беришет. Анткени, Владимир Зеленский саясатта жаңы фигура болгондуктан, көпчүлүк анын саясий ишмердигин билбейт. Бул тууралуу саясат талдоочу Марат Казакпаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Порошенконун командасы шайлоодон четтеген талапкерлердин шайлоочуларынын добушуна ээ болуу үчүн компромисттик тегерек үстөлдөрдү, сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү керек.

Зеленский саясатта жаңы фигура болгондуктан, Порошенконун командасы элди добуш берерден мурда аны таанууга чакырып, бүдөмүк ойлорду жаратышы мүмкүн.

Бирок эл буга чейин Порошенко чече албаган социалык-экономикалык маселерди жоюунун жолун издеп, Зеленскийге да добуш берип коюшу ыктымал.

«Украинанын жарандарынын басымдуу бөлүгү шайлоого келбейт. Башкача айтканда, экинчи турда добуш берүүчүлөр биринчи айлампага салыштырмалуу аз болот», — дейт Казакпаев.

Саясат талдоочу мындан сырткары, Зеленскийдин «Президент болуп калсам, мугалимдердин айлыгын 4000 долларга көтөрөм», — дегенин популисттик кадам катары баалады.

«Бул кептерге катардагы адамдар ишениши мүмкүн. Бирок экономистттер, мамлекеттик кызматкерлер бул маалыматты реалдуу деп эсептешпейт», — дейт Казакпаев.

Ал буга кошумча, Поршенко президент болуп турган мезгилде өлкөдөгү стабилдүүлүктү толук камсыз кылганын, кемчиликтерине караганда, артыкчылыктары көп экенин белгиледи.

Айта кетсек, Украинадагы президенттик шайлоодо Зеленский 30,24 % добуш, ал эми Порошенко  15,95 % добуш алып, экинчи турга аттанган. Эми президенттик шайлоонун экинчи туру 21-апрелде өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM