Биз менен байланышыңыз

Мурат Суталиновду абактан чыгаруу боюнча сот отуруму 15-апрелге жылдырылды

Кыска кабар | 9 Апр 2019 | 564 | 0

Бөйрөк рагы менен ооруп жаткан Мурат Суталиновду абактан чыгаруу боюнча сот отуруму 15-апрелге жылдырылды.

Бүгүнкү соттук териштирүүгө бул иште күбө катары өтүп жаткан Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссиясынын башчысы келбей калган. Сот аны кийинки отурумда чакырууну чечти.

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу абактан бошотуу маселеси каралган.

Сот отурумунда айыпталуучунун бөйрөк рагы менен ооруганын аныктаган Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын медициналык-санитардык бөлүмүнүн башчысы күбө катары суралып, Суталинов катуу ооруп жатканын, дарыланууга муктаж экенин айтты.

Деген менен сот маселени кароону келерки аптага жылдырды.

Жогорку Соттун чечимине ылайык, Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя боюнча айыпталып, үй-мүлкү мамлекетке өткөрүлүү менен 25 жылга соттолгон.

Мурат Суталинов учурда Бишкек шаарындагы № 47 түзөтүү абагында кармалууда. Ал эки жума сайын Улуттук онкология борборунан химиятерапия алып турат.

Copyright © 2017 Maral FM