Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан калкынын 25%ы жакыр жашайт

Коом | 8 Апр 2019 | 960 | 0

Кыргызстандыктардын 1,5 миллиондон ашыгы жакыр жашайт. Статистикалык комитеттин берген маалыматы боюнча алардын көпчүлүгү — элеттин тургундары. Эки жылдан бери приоритет жасалып, аймактарды өнүктүрүүгө атайын жыл белгиленсе да, эмне себептен элетте жакырчылыктын көрсөткүчү азайбай жатканына саресеп салып көрдүк.

Кыргызстандын калкынын 1,6 миллиону кедей жашайт. Мунун ичинен 41 миңи жакыр, анын 72 %ы айыл тургундары болуп эсептелет. Мындай статистиканы улуттук статистикалык комитет 2017-жылга карата чыгарган. Серепчилердин баамында жагдай өзгөргөн эмес, учурда андан да көбүрөөк. Улуттук статистика комитетинин туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасынын башкы адиси Ырыскан Калымбетованын айтымында, аймактар боюнча алып караганда, Баткен облусунда көрсөткүч жогору.

— 2017-жылкы жүргүзүлгөн мониторинг боюнча Кыргызстандын калкынын 25,6 %ы, тактап айтканда, 1,6 миллиону кедей жашары аныкталган. Мунун ичинен 41 миңи жакыр, ошол 41 миңдин 72 %ы айыл тургундары болуп эсептелет.

Статистикалык эсептөөлөргө ылайык, айлык керектөөлөрү жана кирешеси  2674 сомдон ашпаган жарандарды кедей, ал эми айлык кирешеси 1 455 сомдон ашпаган жарандарды жакыр деп белгилешкен. Эсептөөлөр көрсөткөндөй, жакырчылыктын деңгээли 4,9 %га өсүп, 309 миң адамды түзгөн. Алардын көпчүлүгү элет тургундарына туура келген. Эки жылдан бери «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыяланып, өнүктүрүү максатында пландар каралганы менен, жакырчылыктын көрсөткүчү азайбай келе жатканын серепчилер ар тараптуу карашат. Мурдагы Экономика министри Эмил Уметалиев элеттеги мындай көрүнүштү жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин иши менен байланыштырат. «Айыл өкмөттөр, акимдер, мэрлер эл арасынан эмес, бийлик тараптан шайланган үчүн карапайым калктын көйгөйүн чечүүгө анчейин кызыкдар эмес»,- дейт экс-министр.

— Эң негизгиси жергиликтүү бийликтин элдин көзөмөлүндө болуусу маанилүү. Эгерде жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү эл ичинен шайланып, алардын көйгөйүн түшүнгөн бирөө келсе, чечүү оңой. Көйгөйлөрдү уккан бирөө болот. Ал эми азыр жергиликтүү бийликтин көпчүлүгү жогору жактан дайындалып, алар эл менен иши жок.

Ал эми эл өкүлү Алмазбек Токторов жакырчылыкты жоюу үчүн конкреттүү сунуштар берилиш керек дегендерден. Мунун алкагында учурда өкмөттүн эсебинен кесиптик билим берүү боюнча мыйзам каралып жатканын белгиледи. «Эгерде ушул сыяктуу шарттар түзүлсө, жумушсуздук, жакырчылыктын айынан чет өлкөгө чыккан ар бир жарандын кесиптик билими болмок»,- дейт депутат.

— «Айлык көтөрүлүш керек», «шарт түзүш керек» дегендин баары туура. Бирок конкреттүү ишке аша тургандарын айтсак, азыр кесиптик билим берүү боюнча мыйзам каралып жатат. Анын максаты: ар бир жарандын билимдүү болуусу, бир кесипке ээ болуусу. Жумушсуздуктун айынан көпчүлүк мигрант болуп кетип жатышат. Сыртка чыкса да бир кесиптин ээси болуп, анан кетсин деген максат. Антпесе, ар кандай кара жумушта иштеп, абал өзгөрбөйт. Билими бар жаштар кайсы жерден болсо да, жумуш таап кетет.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы жөлөк пул алгандардын саны  379 миң адамга жеткен. Алардын 96 %ын  балдары 16 жашка жете элек, муктаж үй-бүлөлөр алган. Ар кандай кайрымдуулук фонддордун социалдык изилдөөлөрүнө ылайык, үй-бүлөлөрдүн мындай жакыр абалга келүүсүнө ар тараптуу факторлор себеп. Ошондуктан, ар бир үй-бүлөнү өзүнчө кароо керек дешет. «Элим барсыңбы?» кайрымдуулук фондунун директору Айдар Кубанычбековдун айтымында фонддо катталган муктаж үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында жогоруда айтылган ар кандай кесип үйрөтүү ыкмалары да колдонулуп келет.

Жакырчылыктын ар тараптуу себеби болушу мүмкүн. Жумушсуздук, адамдын психологиялык абалы. Бирок канткен учурда да, аны жоюуга аракет кылабыз. Бирок жардам берүү менен эле чектелбестен, ал жакырчылыктан кантип чыгуунун жолдорун бөлүшүү керек. Аларга кесип үйрөтүп, андан ары ошол кесип менен жанын багып кетсе дейбиз. Арасында өздөштүргөндөр да, өздөштүрө албагандар да бар.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 1990-жылдарда эле жакырчылыкты жоюу боюнча милдет алган.

Copyright © 2017 Maral FM