Биз менен байланышыңыз

15-апрелден баштап дизель майы кымбаттайт

Экономика | 8 Апр 2019 | 1041 | 0

Апрель айынын экинчи жарымынан тарта күйүүчү майдын баасы 1,5 %га өсүүсү күтүлүүдө. Бул туурасында Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай абал жыл сайын жаз жана күз айларында кайталанып турган көрүнүш. Жазгы талаа иштерине байланыштуу Орусия жана Казакстанда баа көтөрүлгөндүктөн, Кыргызстанда да өсүү байкалууда.

Талас облусунун тургуну Сабит жазгы талаа иштерине камынып жаткан кези. Бирок жылдагыдай айдоо иштери башталары менен күйүүчү майдын кымбаттоосунан коркуп турат. «Ал үчүн өкмөттөн алдын алуу чаралары болсо«, — дейт.

— Жылдагыдай эле майдын баасы кымбат. Тобокелге салып жер айдайбыз. Чыгым көп, аны актабай калышы да мүмкүн.

Ал арада Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясы апрелдин экинчи жарымынан тарта күйүүчү май кымбаттай турганын маалымдады. Бул көрүнүш Орусия жана Казакстандагы баага байланыштуу. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канатбек Эшатовдун айтымында, буга чейин сатуучулар резервден улам бааны туруктуу кармап келген. «Жаңы баанын көтөрүлгөнү апрелдин 15инен байкала баштайт«,- дейт.

— Жаз-күз мезгилинде жылда кайталанган көрүнүш. Жазгы талаа иштери башталгандыктан, Орусия, Казакстанда баа кымбаттайт. Сатуучулар ага чейин болгон резервдин негизинде бааны кармап турушат. Бирок резерв түгөнгөндөн кийин, жаңы баа менен сатыла баштайт. Биздин маалымат боюнча 15-апрелден 1-2 сомго кымбат боло баштайт экен.

Академик Жамин Акималиев Орусия, Казакстанды карабай, жазгы талаа иштери башталган учурда бааны туруктуу сактоо үчүн мамлекет кам көрсө болот деген сунушун айтат.

— Жыл сайын бизге Орусиядан 1 млн. тонна күйүүчү май келет. Ошонун көп болсо, 45-50 миң тоннасы гана айыл чарбага кетет. Эми ошонун 4-5 %ын өкмөт милдетине алып, баасын жеңилдетсе болмок. Орусиядан кымбат келиши мүмкүн, бирок ошону өкмөт резерв таап, жазгы талаа иштери башталганда 40 сомдон ашырбай турса, дыйкандар жыргап калмак.

Деген менен айыл чарба жана мелиорация министрлиги күйүүчү майдын баасында чоң айырма болбойт деп ынандырууда. Министрдин орун басары Жаныбек Керималиев: «Буга чейин майдын баасы 1-2 сомго арзан болуп келген үчүн, көтөрүлсө мурдагы абалына келет«,- дейт.

— Көп айырмачылык болбойт. Анткени, быйыл мурдагы жылга салыштырмалуу арзан болуп жаткан. Эми 2 сомго көтөрүлсө, кайра эле эски калыбына туура келип калат. Биз дыйкандарга жеңилдик үчүн башка шарттарды да сунуштап жатабыз.

Учурда дизель майы Бишкек шаарында 45 сом 40 тыйындан бааланууда.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM