Биз менен байланышыңыз

Валентина Шевченкону Президент «Даңк» ордени менен сыйлады

Кыска кабар , Спорт | 8 Апр 2019 | 637 | 0

UFC мушкери Валентина Шевченкону президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, «Даңк» ордени менен сыйлады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Спортчунун президент менен жолугушуусуна ошондой эле анын машыктыруучусу Павел Федотов, «Кулатуу эр таймаш ММА» Дүйнөлүк федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев жана мушкер-айымдын апасы Елена Шевченко катышты.

Мамлекет башчысы меймандарды жылуу кабыл алып, Валентинаны аялдардын эң жеңил салмагында чемпиондук курду жеңип алышы менен куттуктады.

Президент ошондой эле машыктыруучу Павел Федотовго спортчуларды даярдоо чеберчилигинин эң жогорку деңгээли, туруктуулугу, машыктыруучулук таланты жана өз тарбиялануучуларына терең ишенгендиги үчүн ыраазычылык айтты.

Өзгөчө ыраазычылыкты мамлекет башчысы Кыргызстанга дүйнөнүн көп жолку чемпионун тартуулап, өз колдоосу жана ишеними менен спорт дүйнөсүндөгү жеңиштердин туу чокусуна жеткирген апасы Елена Шевченкого билдирди.

Өлкө башчысы мушкер-айым Валентина Шевченкону жыл сайын Ысык-Көлгө машыгуу үчүн келүүгө чакырды жана спорттук ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди, бекем ден соолук, бакубаттык каалады.

Дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, республиканын квалификациялуу спортсмендерин даярдагандыгы үчүн «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардак наам эл аралык класстагы спорт чебери, Кыргыз Республикасынын «Муай Тай» тайбокс федерациясынын башкы машыктыруучусу Павел Федотовго берилди.

Эске сала кетсек, UFCнин мушкер айымы Валентина Шевченко атайын чакыруу менен кечээ Кыргызстанга келген. Ал мекендештери, күйөрмандары, расмий өкүлдөр менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Copyright © 2017 Maral FM