Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Үйдөгү зомбулук өспүрүмдү кылмышка түртөт

Кыска кабар | 8 Апр 2019 | 465 | 0

Нарын милициясы «Үй-бүлө ынтымагы жана тынчтыгы — мамлекеттин бейпилдигинин пайдубалы» аталышта облустук форум уюштурду.

ИИМдин маалымат кызматы кабарлагандай, иш-чара үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жана өспүрүмдөргө болгон ырайымсыз мамилеге бөгөт коюуда коомчулук менен чогуу, биргеликте күрөшүүнү максат кылат.

Форумда өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштардын алдын алуу боюнча коомчулук арасындагы терс көйгөйлөр ортого салынды. Макулдашылган мамилелерди иштеп чыгуу менен түрдүү деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп туруу зарылдыгы да белгиленди. Ошондой эле Нарын облустук усулдук билим берүү бөлүмүнө окуучулардын бош убактысында ар кандай ийримдерди, спорттук иш-чараларды уюштуруу жагы сунушталды.

Форумга облустун билим берүү мекемелери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомдук активисттер, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Өткөн жылы Нарын облусунун Жумгал районунда топтошкон мектеп окуучулары мушташып, бир окуучу каза тапкан. Ушундай эле көрүнүш 2019-жыл март айында Ак-Талаа районунда дагы кайталанган.

Өспүрүм катышкан терс көрүнүштөрдүн байма-бай катталышына ата-энелердин өз балдарына болгон кайдыгер мамилеси себеп болгону айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM