Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Бир ишкер — бир көчөт» акциясы өтүүдө

Кыска кабар | 7 Апр 2019 | 740 | 0

“ЖИА” бизнес-ассоциациясы менен “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фонду 200дөн ашык көчөт отургузду. Аталган иш-чара республикалык масштабда жарыяланган 3 айлык ишембиликтин алкагында өтүп, көчөттөр Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна тигилди. Ага ишкерлер жана ыктыярчылар катышты. Көчөт отургузуудан сырткары аталган ооруканага велосипед токтотуучу жай да курулуп, колдонууга берилди.

Ишкерлердин колдоосу менен өтүп жаткан «Бир ишкер-бир көчөт» акциясы «Маданият төңкөрүшү» долбоорунун алкагында өттү.

Кошумчалай кетсек, «ЖИА» бизнес-ассоциациясы өткөн жылы өлкө аймактарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу демилгесинин алкагында 25 объектиде жалпы саны 3000ге жакын көчөт отургузган. Ага 150 ишкер катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM