Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы «апрелчилер» менен жолугушуу өткөрдү

Кыска кабар | 6 Апр 2019 | 517 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2010-жылдагы Апрель революциясында курман болгондордун туугандары жана окуяда жабыркагандар менен жолугушту.

Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууга «Мекен шейиттери», «Жаркын Элес», «Эр Теги», «Айкөл Ала-Тоо», «Апрель Баатырлары», «Апрель. Элим. Кыргызстан», «Апрель Баатырлар Биримдиги», «Айкөл Таза коом», «Баатырларга таазим» коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү катышты.

Өкмөт башчы өз сөзүндө 2010-жылдагы Апрель революциясы өлкөнү үй-бүлөлүк-кландык башкаруудан арылтып, демократиялык өнүгүү жолуна түшүүгө шарт түзгөнүн баса белгиледи.

«Революцияны карапайым адамдар жасашты, алар таза ниет менен адилетсиз үй-бүлөлүк башкарууга каршылык көрсөтүштү. Биз ошол окуяларды ар дайым эсибизде сактоого тийишпиз жана биздин курман болгон жарандарыбыздын элесин унуткара албайбыз. Бул окуялар болбосо, өлкөнүн заманбап тарыхы кандай нукта кетмек экендиги белгисиз», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле, КР Президентинин Жарлыгына ылайык, кечээ Апрель элдик революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлгөнүн айтты.

Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында бардык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча тийиштүү чаралар көрүлөрүн белгиледи.

Премьер-министр кошумчалагандай, Өкмөт Апрель революциясында жабыркагандарга жана курман болгондордун туугандарына социалдык маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүүнү улантат.

«Сиздер менен сүйлөшүүгө биздин эшик дайым ачык жана ар тараптуу жардам көрсөтүүгө  күч-аракет жумшоону улантат. Биз туруксуз жана башаламан өлкөдө өнүгүү мүмкүн эмес экендигин түшүнүүгө тийишпиз, – деди Өкмөт башчы.

Соңунда коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнө өкмөттүк сыйлыктар тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM