Биз менен байланышыңыз

Ноокен: Атасынан акча талап кылам деп, баласын өлтүрүп койгон жаран колго түштү

Кыска кабар | 6 Апр 2019 | 579 | 0

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ишкердин уулун уурдап, атасынан 120 миң доллар акча талап кылган, уурдалган окуучу баланы өлтүргөнгө шектелген жаранды кармады.

Окуя кечээ болгонун ИИМдин маалымат кызматы бүгүн кабарлады.

Райондогу Мады айылындагы 36 жаштагы С. З. аттуу ишкердин 1-класстагы уулун ошол эле айылдын 1997-жылы туулган А. Х. аттуу тургуну уурдап, атасынан 13-апрелге чейин  120 миң доллар таап берүүнү талап кылган.

Бул факты боюнча адам уурдоо беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө-иликтөө аракеттеринин натыйжасында шектүү кармалган. Ал бардык жасаган ишин мойнуна алганы ИИМдин билдирүүсүндө айтылат.

Тергөө тарабынан өзгөчө оор кылмыш ишинин жасалгандыгы – уурдалган баланын өлтүрүлгөндүгү аныкталды. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү кылмыш кайда жасалгандыгын көрсөткөн. Ал жерде көмүлгөн жети жашар баланын жансыз денеси табылган. Азыркы учурда кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнө (Адамды уурдоо менен коштолгон же барымтага алуу менен өлтүрүү) өзгөртүлдү.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM