Биз менен байланышыңыз

Күз-кыш: Сууну үнөмдөө максатында ЖЭБдер көбүрөөк иштейт

Коом | 5 Апр 2019 | 745 | 0

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2020-жылдын жаз айына чейин жетиштүү. Бул боюнча өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыктар боюнча жыйынынын жүрүшүндө Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасы Азамат Абдыкадыров билдирди. Анын айтымында, 2018-2019-жылдагы жылытуу мезгилинде газ, көмүрдү пайдалануу алдын ала белгиленген эсепке ылайык 100% аткарылган.

— Токтогул суу сактагычындагы эсептер боюнча суунун көлөмү 2020-жылдын жаз мезгилине чейин жетиштүү. Ошондой эле биз 2019-жылы Камбар-Ата ГЭСинин курулушун баштоону сунуштап жатабыз. Азыркы тапта жумушчу топ иштеп жатат. Эгерде колдоо тапсак, 2029-жылы 2 агрегатын ишке киргизүүгө мүмкүнчүлүк алабыз.

Маалыматка ылайык, өлкөдө электр энергиянын 90 %ы суудан алынат. Мындан улам жыйындын жүрүшүндө өкмөт мүчөлөрү келечекте энергия булагы катары суудан башка кандай альтернативалар бар экенине кызыгышты. Вице-премьер министр Замирбек Аскаров алдыңкы 5-10 жылдагы абалды эске алып, сууну үнөмдөө максатында кандай чаралар көрүлүп жатканын сурады.

— Метереологдордун баамы боюнча, 2030-жылы дүйнө жүзүндө кургакчылык эң жогорку чекке жетет. Ал эми биз электр энергиянын 90 %дан ашыгын суудан алабыз. Ошого байланыштуу сууну үнөмдөө максатында кандай иштер бар? Эгерде кургакчылык боло турган болсо, эл электр энергияны кайдан алат?

Мындай жагдайды эске алып, кичи ГЭСтерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн көбөйтүү керектигин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмиль Осмонбетов айтты.

— Бул боюнча пландар бар. Бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүктүн 1 %ын пайдалана алабыз. Азыркы тапта көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүү максатында иш-чаралар жүрүүдө. Инвесторлорду тартып келип, кичи суу сактагычтарды куруу керек.

Ал эми биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов сууну үнөмдөө максатында быйыл 180 миң тоннага көбүрөөк көмүр алына турганын белгиледи.

— Конкреттүү пландарды айта турган болсок, быйыл көмүрдү көбүрөөк алабыз. Башкача айтканда, сууну үнөмдөө максатында ЖЭБдер көбүрөөк иштейт. Ал үчүн көмүрдү быйыл 1 млн 180 миң тонна алабыз. Бул жылдагыдан 180 миң тоннага көп.

Бирок жалпы жонунан энергетика тармагынын жетекчилеринин берген маалыматына өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев канааттанбагандыгын айтып сынга алды. Конкреттүү пландар, реформа болбой жатканын эскертти.

-Баягы эле отчеттор. Экөөңөрдү өз тармагынын адиси деп дайындаганбыз. Бирок жылыш жок. 10 жыл мурда кандай план болсо, азыр деле ошондой. Алдыга жылуу боюнча эч кандай план, реформа жок.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчы тарифтерге да токтолуп, аны түзүүдө калкка туура түшүндүрүү керектигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM