Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев энергетика тармагын кескин сынга алды

Кыска кабар | 5 Апр 2019 | 617 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика тармагынын жетекчилигин жетишсиз иши үчүн кескин сынга алды. Мындай сын КР Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында айтылды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы билдиргендей, жыл сайын бир эле маалымат айтылат, анда натыйжалуу реформаларды жүргүзүү жана актуалдуу маселелерди чечүү боюнча сунуштар камтылган эмес.

«Энергетика чөйрөсү – экономиканын артыкчылыктуу тармагы. Жыл сайын окшош эле маселелер айтыла берет. Бул жомокту биз 20 жылдан бери угуп келе жатабыз. Муну менен бирге абалды жакшыртуу боюнча эч кандай таасирдүү кадамдар жасалган эмес. Ошол эле учурда энергетика тармагы — экономиканын эң негизги өзөгү болуп саналат. Иштеп баштагыла,  электр эсептегичтерди чыгарууну уюштургула. Продукцияларды: ошол эле зымдарды, электр линияларын, трансформаторлорду импорттобой, ата мекендик өндүрүштү колдоо керек. Силерде 1,4 млн абонент бар, ушунча сандагы эсептегичтерди башка өлкөлөрдөн алып келбестен, өзүбүз чыгарсак болбойбу? Жогоруда аталган продукцияларды биздин өлкөдө өндүрүүнү уюштуруу кыйынбы?», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Андан соң Премьер-министр тарифтерди түзүүгө карата калк арасында ачык түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү талап кылды.

«Тарифтер кандай түзүлөрү жана алар эмнеден турары жарандарга түшүнүксүз. Ал эми силер ортомчу компаниялардын кызматтарын пайдаланасыңар, алар мындан акча жасашат. Мына, сиз 4,5 млрд. сом карыз топтолгон деп жатасыз. Электр энергиясын экспорттоо менен 1 млрд. сом иштеп табабыз дейсиңер, калган 3,5 млрд. сомду эмне салык төлөөчүлөр төлөшү керекпи? 2028-жылы энергетика тармагына алынган насыялар үчүн жылына 10 млрд. сом төлөп баштоо керек», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мухаммедкалый Абылгазиев дагы бир ирет көрсөткөндөй, энергетика ата мекендик экономиканын локомотиви болуп саналат, ал бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүгө зор таасир берет, андан бюджеттик тармактын кызматкерлерине эмгек акы төлөнүп берилет.

Copyright © 2017 Maral FM