Биз менен байланышыңыз

Германиянын «Three Fall» тобу Кыргызстанга келет

9-апрелде Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Улуттук драма театрында Германиянын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган Германиялык «Three Fall» трио джаз-бенд тобу концерт берет. Бул тууралуу аталган элчиликтин маалымат кызматы билдирди.

Концерттик пргораммада джаз стилиндеги ар түрдүү чыгармалар жаңырат.

Ушул эле концерт 10-апрелде Бишкек шаарында да өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, «Three fall» трио-джаз-бенд тобу буга чейин Кытай, Египет, Испания, Италия, Россия сыяктуу бир катар өлкөлөргө концерт тартуулаган.

Copyright © 2017 Maral FM