Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл облусуну өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча жыйын өттү

Кыска кабар | 4 Апр 2019 | 508 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун төрагалыгы астында Ысык-Көл облусун өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү комплекстүү стратегиясын жана планын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күнү Бүткүл дүйнөлүк банк менен биргеликте Ысык-Көл облусун өнүктүрүүнүн стратегиясы, ошондой эле Каракол-Балыкчы жолунун түштүк бөлүгүн жана «Каракол» эл аралык аэропортун реконструкциялоонун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгат.

«Премьер-министрдин буйругу менен үстүбүздөгү жылдын мартында жумушчу топ түзүлүп, курамына Өкмөттүк Аппараттын жооптуу кызматкерлери, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин орун басарлары, Бүткүл дүйнөлүк банктын кызматкерлери жана көз карандысыз эксперттер кирген. Жумушчу топтун мүчөлөрү долбоор жөнүндө толук сунуштама алып жана өз ара кызматташуунун мындан аркы түрүн аныктоого тийиш», – деди Кубатбек Боронов.

Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк банктын башкы кеңсесинин башчысы Болормаа Амгаабазар банк өз тарабынан аймактык өнүктүрүү мамлекеттик саясатын колдой турганын баса белгиледи.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, долбоор ийгиликтүү ишке ашырылса, иштелип чыккан стратегиянын модели республиканын башка аймактарына дагы киргизилет. Ал иштелип чыккан долбоорлорду Өкмөттүн аймактык өнүктүрүү пландары менен интеграциялоо мүмкүндүгүн  караштырууну жана сунуштарды эске алуу менен толуктап иштеп чыгууну тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM