Биз менен байланышыңыз

Опузалап акча талап кылган мурда соттолгон жарандар кармалды

Кыска кабар | 4 Апр 2019 | 921 | 0

Жарандардан опузалап акча талап кылуу жана аларды коркутууга шектүү катары мурда соттолгон жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Март айынын ортосунда физикалык күч колдонобуз деп коркутушуп, Бишкек шаарындагы күрөөканалардын бирине «Мазда» үлгүсүндөгү автоунаасын койдуртуп, алган 50 миң сом суммасындагы акча каражатын кылмышкерлер алып койгон. Натыйжада жабырлануучуга 3 миң доллар өлчөмүндөгү материалдык зыян келтирилген.

Ушул эле күнү жогорудагы кылмышкерлердин колунан Бишкек шаарынын башка тургуну жабыр тарткан. Эки адам өздөрүн криминалдык авторитет катары тааныштырышып, коркутуу жолу аркылуу Бишкектин тургунун күрөөканага «Деу Нексия» үлгүсүндөгү унаасын койдуртуп, 35 миң сом алышкан. Жабырлануучуга 150 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.

2-апрель күнү Бишкек шаарынын аймагынан жогорудагы мыйзамсыз иш-аракеттерге шектүү катары эки адам кармалды. Алардын бири: 1983-жылы туулган Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургуну Б. Ч. аттуу жаран. 2016-жылы март айында Биринчи май райондук соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 172-беренесинин 2-бөлүмү (Айдап качуу), 123-берененин 2-бөлүмү (Адам уурдоо) менен соттолгон. 2017-жылы шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, 2019-жылдын аягына чейин Сокулук райондук жаза аткаруу инспекциясынын каттоосунда турат.

Экинчиси: 1982-жылы туулган Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну Р. А. аттуу жаран. 2016-жылы Свердлов райондук соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 241-беренеси (Ок атуучу куралды мыйзамсыз алуу, сатуу, сактоо, көтөрүү) жана 341-беренеси (Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен соттолгон. 2018-жылдын июлунда шартуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, 2020-жылдын аягына чейин Свердлов райондук жаза аткаруу инспекциясынын каттоосунда турат.

Маалыматка ылайык, кармалган жарандар уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөлөрү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турат.

Кармалган жарандар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалышты. Сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат жана башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы текшерилүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM