Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура Билим берүү министрлигине иш козгоду

Кыска кабар | 4 Апр 2019 | 590 | 0

Билим берүү жана илим министрлигинде мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам бузулганы аныкталды. Бул факты Башкы прокуратура тарабынан текшерүү учурунда аныкталганын мекеменин маалымат кызматы бүгүн  билдирди.

2017-жылдын 1-августунда аталган министрликтин жооптуу кызматкерлери кыргыз, орус, өзбек тилдүү мектептердин 5-класстары үчүн «Англис тили»  китептерин басып чыгаруу боюнча тендер өткөрүшкөн. Тендер республикалык бюджеттен каржыланган.

2017-жылы Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында 5-класстын китептерин бастырууга 2 735 772 АКШ доллары бөлүнсө, анда аталган басылмаларды кредиттик жана гранттык каражаттардын эсебинен кайрадан чыгаруу пландаштырылган.

Мындан сырткары, эч кандай мониторинг жүргүзүлбөй туруп, нусканы көбөйтүү үчүн кымбат баа коюлган. Буга кошумча китептердин авторлоруна калем акы төлөп берүү милдети тендердин катышуучуларына талап катары киргизилген. Эске сала кете турган жагдай, жогорудагы долбоордун алкагында 3-4-5-жана 6-класстын Англис тили сабагы боюнча иштелип, толукталып басылган китептин авторлоруна ошол эле долбоордон 103 514 доллар төлөнүп берилген. Бул каражатты алган авторлор аталган китепке болгон автордук укукту Билим берүү жана илим министрлигине чексиз мөөнөткө өткөрүп берген.

Нускасын көбөйтүп басып чыгаруу туурасындагы келишимдердеги мыйзамсыз коюлган талаптардын жыйынтыгынан улам, китеп баскан «П» ЖЧКсы менен «У» Ачык акционердик коомуна авторлорго калем акы төлөө жазылган. Бирок иш жүзүндө аталган ишканалар факты боюнча калем акы берген эмес, анын кесепетинен бюджеттик эсептен 1 884 000 сом ашыкча чыгымдалган.

Белгилеп кете турган жагдай, министрликтин тиешелүү жетекчилеринин бул ишти алып баруу милдетин начар аткаргандыгынын кесепетинен республикалык бюджеттин 13 174 200 сому максатсыз иштетилген. Мындан сырткары, басылган китептер билим берүү бөлүмдөрүнө кечигип жеткирилгендиктен, салына турган 427 942 сомдук айып өндүрүлгөн эмес. Бул жерде да мамлекетке материалдык зыян келтирилген.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилерине карата Жаза кодексинин 320-беренесинин негизинде «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», 234-беренесинин негизинде «Ачык тооруктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу» боюнча кылмыш ишин козгоду. Аталган факты Жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.

Китептеги каталар, тендердеги кемчиликтер чуулгандуу окуяга айланып, Билим берүү жана илим министринин дарегине айтылган сындардын аягы тыйылбай келет.

Copyright © 2017 Maral FM