Биз менен байланышыңыз

«7-апрель шейиттери» мечити ачылды

Кыска кабар | 4 Апр 2019 | 1661 | 1

Бүгүн Бишкекте «7-апрель шейиттери» мечити ачылды. 2 гектардан ашык жерге салынган мечит беш миң кишиге ылайыкташкан. Кеткен каражат мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жеке казынасынан жумшалган.

Ачылыш аземге экс-президент өзү, аалым Абдышүкүр ажы Нарматов да катышты.

Алгач мечитте жалпы арбактарга багышталып куран окулду. Андан соң, мечиттин ачылышын куттуктап сөз сүйлөгөн Алмазбек Атамбаев 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя Кыргызстандын тарыхы үчүн эң маанилүү күн экенине токтолду.

«Президент кезимде бул күндү майрам күн, кызыл күн кылдым. Бирок ошол күнү каза болгондордун туугандары, жарадар болгондор мени түшүнөт, бул — дагы эле кайгылуу күн. Ошондуктан, тарыхта майрам катары калсын дедим. Анткени, Кыргызстандын келечеги, тарыхы үчүн 7-апрель 2010-жыл — Аксы окуясынан кийинки эле эң орчундуу күн. Мечитти салууга берген 2 гектардан ашык жер 25 жылдан ашык убакыттан бери менин менчигимде болчу. Мен — мусулманмын. Андыктан, мечит салуу да — милдетим», — деди экс-президент.

Атамбаев ошондой эле, мечиттин кире беришинин оң капталына 2010-жылы 7-апрелде шейит кеткендердин аты-жөнү жазыла турганын кошумчалады.

   

1 пикир

1 пикир

  1. Маннан

    04.04.2019 20:29

    Атамбаев коп иш жасаган чон рахмат,качан кыргыздар чуку чукуну койобуз,6 жылда болуп корбогондой иштерболду ага рахмат айтышыбыз керек.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM